Шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы кечки саат 10до белгилүү болот

Шайлоолордун алдын ала жыйынтыгы кечки саат 10до белгилүү болот. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жарыялады. Анын айтымында, участкалар саат 8де жабылат.

 

Автоматтык эсептөө урналары 10го чейин алдын ала жыйынтыктарды чыгарып коет. Ал эми акыркы жыйынтык 20 күндөн кийин жарыяланат, — деди Шайлдабекова.

 

Белгилеп кетсек, Кыргызстан боюнча 2 миң 475 шайлоо тилкеси азыр ачык. Аларда 3 миллион 523 миң 554 жаран добуш берет. Бүгүн өлкөдө Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо жүрүүдө.