Талас облусуна кирем дегендин бардыгы обсервацияга алынат

Талас облусуна кирем дегендин бардыгы обсервацияга алынат. Бул тууралуу өкмөттүн аталган аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда облуста 95 адам обсервацияда жатат. Таласта вирус аныкталган жок, аны мындан ары дагы аймакка киргизбөө үчүн дарыгерлердин алгоритмин так кармануу зарыл, — деди Мураталиев.

 

Белгилеп кетсем, облус боюнча беш миңдей ПЦР-тест, 15 миңден ашык экспресс-тест алынып, алардын бары таза чыккан.