“Бишкек санитардык полигону” ишканасы жаңы техникаларды ижарага алуу ниетинде.
Пландалгандай, атайын унаалар таштанды жайына катуу калдыктарды чыгаруу үчүн колдонулат.
Бульдозерлерди алуу үчүн 3 миллион 600 миң сом каралат. Бул суммага 8 сааттык жумушчу күн
үчүн жабдууларды иштетүү, күйүүчү-майлоочу майдын чыгымы, айдоочу-операторлордун
кызматы жана атайын техниканы оңдоо кирет.