Бишкек мектептериндеги 1-класстын окуучулары 14-февралда бир жумалык каникулга тарайт.
Мэриянын маалыматына караганда, балдар парталарга кайра 21-февралда кайтып келет.
Белгилеп кетсек, ар жыл сайын үчүнчү чейректе салтка айлангандай 1-класстын окуучуларына
конушча эс алуу берилет. Анын ортосунда айрым аймактардын 1-класстары бүгүнтөн тартып
каникулга чыкты. Эс алуу мөөнөтү жергиликтүү билим берүү органдары тарабынан аныкталат.