Ысык-Көлдө кайрадан кыш. Түндө аймактын бир катар райондорунда кар жаады. Жергиликтүү тургундар билдиришкендей, Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында учурда 3 сантиметр кар жатат.
Белгилеп кетсек, 26-мартта тоолуу райондордо кар жаайт деп буга чейин эле Кыргызгидрометтен билдиришкен. Айрым тилкелердеги жолдордо муз тоңду.