Шайлоого катыша турган партиялар БШКга арыздарын бүгүнтөн тарта тапшырса болот

Шайлоого катыша турган партиялар БШКга арыздарын бүгүнтөн тарта тапшырса болот. Бул тууралуу novosti.kgге комиссиянын мүчөсү Гүлнара Журабаева билдирди.

 

Ал белгилегендей, кайра добуш берүүдө процедуралардын жүрүшү сакталат, болгону мөөнөт кыскартылат. Үгүт кампаниясынын убактысы дагы кыска болот.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңешке кайра шайлоолоор 20-декабрге белгиленди. Массалык башаламандыктардан улам, буга чейинки добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды.