Жогорку окуу жайларда быйыл 5 миң бюджеттик орун берилет

Жогорку окуу жайларда быйыл 5 миң бюджеттик орун берилет. Бул тууралуу Мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Марат Үсөналиев билдирди.

 

Анын айтымында, бюджеттик орундарды багыттарга бөлүштүрүүдө артыкчылык педагогикалык, инженердик, медициналык тармактарга берилет. Эске салсак, Кыргызстандын жогорку окуу жайларына абитуриенттер жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы менен гана кабыл алынат. Сынак 17-23-май аралыгында өтөт.