Бишкек жана Чүй облусунда абаны булгаган автобустар жана маршруттук таксилер текшерилет

Бишкек жана Чүй облусунда абаны булгаган автобустар жана маршруттук таксилер текшерилет.

 

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, кайгуул кызматы жана Экотех инспекциянын кызматкерлери атайын жабдуулар менен унаалар чыгарган түтүндү жана катализаторлорду текшерип жатат.

 

Зыяндуу заттарды нормадан жогору бөлүп чыгарган транспорт ээлерине карата протоколдор түзүлүп, кемчиликтерди жоюуга убакыт берилди.