Португалиянын футбол боюнча курамасы башкы машыктыруучу Фернанду Сантушту кызматтан кетирди. 68 жаштагы адис менен келишим 2024-жылга чейин болчу. Эки тарап аны мөөнөтүнөн мурда бузууга макулдашты.
Эске салсак, Португалия курамасы дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Марокко футболчуларына 0:1 эсебинде утулуп, турнирден четтеди. Сантуш кураманы 2014-жылдан бери машыктырып келет. Ал команданы Евро-2016 чемпионатында жана 2019-жылдын Улуттар лигасында жеңишке алып келген.