Бишкекте ысык суу 2-июлдун түнүндө бардык керектөөчүлөрдүн үйлөрүнө берилип калат

Бишкекте ысык суу 2-июлдун түнүндө бардык керектөөчүлөрдүн үйлөрүнө берилип калат, — дешти Бишкек жылуулук тармактарыган. Ведомство маалыматына ылайык, ысык сууну бир убакта бардыгына бирдей берүү техникалык себептерден улам мүмкүн эмес.

 

Күтүлгөндөй, ысык суу бүгүн Бишкектин борбордук бөлүгүнүн тургундарына берилет. Эртең кичи райондун үйлөрүнө жетет. Жылуулук-энерго борбордун кадимки иши менен ысык сууну толук кандуу берүүгө 3 күн талап кылынат.