Лионель Месси финалдык беттешке карата өткөрүлгөн машыгууларга катышкан жок

Лионель Месси финалдык беттешке карата өткөрүлгөн машыгууларга катышкан жок. Мунун мүмкүн болгон себеби катары футболчу бутун кокустатып алганы айтылууда.

 

Бирок Месси кубок үчүн башкы беттешке катышат. Эске салсак, футбол боюнча дүйнө чемпионатынын финалдык оюну ушул жекшемби, Бишкек убактысы боюнча кечки саат 9да өтөт. Анда Аргентина – Франция курамалары топ талашат.