Бишкек жазында гүлгө толот

Бишкек жазында гүлгө толот. Ордо калаа көчөлөрү гүл отургузууга даярдалып баштады. Мэриянын маалыматына ылайык, бир жумадан кийин багбандар күнөсканалардагы көчөттөрдү шаардын гүлзарларына отургузуп баштайт.

 

Апрелде Жеңиш аянты биринчилерден болуп гүлгө оролот. Алгач 400 миң гүл отургузулат. Ал эми жалпысынан 1 миллион 400 миң гүл тигилет.