Бишкекте эми коомдук транспорт кайда келе жатканын көрүп алса болот

Бишкекте эми коомдук транспорт кайда келе жатканын көрүп алса болот. “Тулпар” командасы атайын функцияны ишке киргизди. Ордо калаа мэриясынын маалыматына ылайык, бул үчүн бишкектиктер “Тулпар” тиркемесин телефонуна көчүрүп алышы керек.

 

Автобус же троллейбустун каттамына көз салуу үчүн жеке кабинетти түзүп, “каттамдар” бөлүмүнө кирип, транспорттун керектүү номерин жазуу шарт. Тиркеме өткөн жумада ишке киргизилип, учурда тестирлөөдөн өтүп жатат.