Кыргызстан жакынкы 3 жылда “Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизет

Кыргызстан жакынкы 3 жылда “Камбар-Ата-1” ГЭСин ишке киргизет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жарыялады. Анын айтымында, курулуш иштери ушул жазда башталат. Бул максатта жалпысынан 400 миллион доллар талап кылынат.

 

Долбоорду ишке ашырууга каражат мамлекеттик бюджеттен дагы бөлүнүп, жеке инвестициялар дагы тартылат. Эске салсак, 25-январда бүтүндөй Кыргызстан жана Өзбекстан менен Казакстандын бир бөлүгү электр энергиясы жок калды. Бул өлкөнүн энерго коопсуздун камсызоо боюнча ойлонууга алып келди.