Бишкектин четинде жайгашкан «Алтын казык» подстанциясы ишке кирди.
Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, көмөк чордондун
кубаттуулугу жогорку чыңалуудагы 110 киловаттык. Жаңы подстанцияны
пайдаланууга берүү менен Дордой, Эне-Сай, Дордой-2, Теңдик, Келечек,
Мурас-Ордо, Нургожо-Ата жана башка конуштарды, ошондой эле бул
аймактарда иштеген уюмдарды электр энергиясы менен камсыздоо
жакшырат. Андан тышкары, башка көмөк чордондорго жүктөмдү азайтат.