Бишкек ЖЭБин мэриянын балансына өткөрүп берүү пландалууда

Бишкек ЖЭБин мэриянын балансына өткөрүп берүү пландалууда. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.

 

Анын айтымында, бүгүнкү күндө энерго тармактын карызы 136 миллиард сомго жетет, анын ичинде эң чоң бересе ордо калаа жылуулук борборун калыбына келтирүү үчүн алынган. Министр белгилегендей, Энергетика министрлигинин карызы Каржы министрлигине өткөрүлөт.

 

Эске салсак, учурда Бишкек ЖЭБи “Электр станциялардын” балансында.