Бишкекке күзүндө 120 жаңы электробус алынат

Бишкекке күзүндө 120 жаңы электробус алынат.

Бул тууралуу ордо калаанын вице-мэри Бактыбек Абдиев билдирди.

Анын айтымында, учурда транспорт алуу үчүн тендер жарыяланды.

Автобустар 350 миңден 420 миң еврого чейин бааланууда.

Белгилеп кетсек, мэрия Азия өнүктүрүү банкы менен биргеликте 120 электробус сатып алууга 56 миллион 550 миң доллар гранттык жана кредиттик келишимге кол койгон.

Бул багытта республикалык бюджеттен да дээрлик 9 миллион сом каралган.