Кыргызстандын бир катар ченемдик укуктук актылары англис тилине которулат

Кыргызстандын бир катар ченемдик укуктук актыларынын англис тилиндеги котормосу даярдалат.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жана Салык кодекстери, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө”, “Тышкы миграция жөнүндө” мыйзамдар жана инвестиция багытындагы башка ченемдик укуктук актылар англис тилине которулат.

Бул демилге чет өлкөлүк инвесторлордун өлкөнүн мыйзамдары жөнүндө зарыл жана маанилүү маалыматтарга жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Инвестициялык климатка оң таасирин тийгизет, — деп айтылат маалыматта.