Кыргызстанда маймыл чечеги оорусу катталган жок

Кыргызстанда маймыл чечеги оорусу катталган жок.

Санэпидкөзөмөл департаментинен билдиришкендей, 23-майга карата маймыл чечеги илдети дүйнөнүн Франция, Испания, Бельгия, Италия, Швеция, Австралия, АКШ жана Канада өлкөлөрүндө катталган.

Ал эми Борбор Азияда аталган оору катталган эмес.

Оорунун коркунучун азайтуу үчүн ДСУнун төмөнкү сунуштарын аткаруу керек:

— оорулуу приматтар менен байланышуудан алыс болуу;

— жапайы жаныбарлардын этин жебөө;

— колду дайыма дезинфекциялоо;

— жеке гигиенаны сактоо;

— жыныстык катнаш учурунда коргонуу;

— чоочундар же саякатчылар менен тыгыз байланышта болбоо.