«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында 900 миңге жакын жол эреже бузуулары катталды

«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында ушул жылдын 4-мартынан бери

900 миңге жакын жол эреже бузуулары катталды. Бул тууралуу Жол

кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол эрежелерди бузуу боюнча айыптар төлөнүп,

ал 572 жарым миллион сомду түздү. Учурда “Коопсуз шаар” камералары

орнотулган жерлерде жол кырсыктары азайганы байкалууда.