Бишкекте №1 СИЗОнун ордуна кичи район пайда болот

Бишкекте №1 СИЗОнун ордуна кичи район пайда болот. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Ал эске салгандай, өткөн жылы ордо калаадан Молдовановка айылына 47-колония көчүрүлгөн.

 

Анын ордунда учурда көп кабаттуу үйлөр курулуп жатат. 1,5 жылдан кийин 5 миң 500 адам мамлекеттик ипотека аркылуу турак-жайлуу болуп калат.

 

Жапаров белгилегендей, учурда Нарын, Талас жана Жалал-Абад облустарында көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу кызуу жүрүүдө. Жалпысынан, 2026-жылга чейин “Менин үйүм” программасынын алкагында бийлик 50 миң кыргызстандыкты турак-жай менен камсыздоо ниетинде.