Президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны кыскартылды

Президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны кыскартылды. Өлкө башчы аппаратынан белгилешкендей, бул чечимдерди кабыл алуунун натыйжалуулугун арттырууга жана бюджетти натыйжалуу пайдаланууга багытталган иш-чара.

 

Маалыматка ылайык, администрациянын штаты 72 кызматкерге кыскартылып, 259 адамды түздү.

 

Айрым бөлүмдөр бириктирилип, бир катар кызматтар жоюлду.