Бишкектин үч ооруканасында балдарды дарылоодо дары-дармек үчүн эми акча алынбайт. Тиешелүү тапшырманы Садыр Жапаров бергенин президент администрациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Улуттук Онкология жана гематология, Эне-баланы коргоо жана Улуттук фтизиатрия борборлоруна тиешелүү.