Бишкектиктер бүгүнтөн тартып жол кирени күн бою жаңы тариф боюнча төлөйт

Бишкектиктер жол кирени күн бою жаңы тариф боюнча төлөйт.

Бүгүнтөн тартып маршруттук таксилерде 15 сом, автобус жана троллейбустарда 11 сом болду.

Буга чейин калаа тургундары кечки саат 9га чейин башка, андан кийин кымбатыраак төлөп келсе,

мындан ары андай өзгөрүүлөр болбойт. Бирок пенсионерлер маршруттук таксилерге эртең

мененки саат 8ден кечки 9га чейин 8 сом төлөйт. Ал эми троллейбус, автобустарда пенсиялык

күбөлүгү барлар акысыз жүрө алышат. Эгер күбөлүк жок болсо 11 сомдон төлөшөт.

Ал эми окуучулар үчүн эч кандай жеңилдик каралган эмес.

Болгону 7 жашка чейинки бөбөктөрдөн жол кире алынбайт.