Бишкекте 165 бүтүрүүчү өзгөчө үлгүдөгү аттестат алууга талапкер.
Мэриянын билим берүү башкармалыгынан билдиришкендей, быйыл ордо калаада
жалпысынан 6 миң 593 окуучу 11-классты аяктады. Учурда райондук борборлордо аталган
аттестатка талапкер бүтүрүүчүлөрдүн тизмеси түзүлүп, министрликке жөнөтүлдү.
Белгилеп кетсек, “Алтын Тамга” тестирлөөсү 18-июнда өтөт. Ошондой эле
бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы 13-июнда аяктайт.