Бала бакча кызматкерлери вируска анализди акысыз тапшырат.
Лабораториялык диагностика менчик формасына карабастан бакча кызматкерлеринин баарына
бирдей тиешелүү, — дешти Республикалык штабдан. Санитардык нормаларга жооп берген
мекемелер атайын бекитилген алгоритмге ылайык ачылып, иштөөгө уруксат берилет.
Кошумчаласак, Кыргызстанда 1 миңден ашык бала бакча бар, 80ге жакыны жеке менчик.
Аларда жалпысынан 152 миң бөбөк тарбияланат. Өкмөт бакчалардын иштөөсүнө 5-июнда уруксат берди.