Кыргызстандын окуучулары эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңишти.
Кыргызстандын командасы 28 окуучудан түзүлдү. Мелдеш Казакстандын
Алматы шаарында математика, информатика жана физика сабактары боюнча өттү.
Аталган олимпиадага 20 өлкөдөн 500дөн ашык окуучу катышты.
Бул олимпиада 2005-жылдан тартып 15 өлкө арасында өтүп келет.