Эми ар бир кыргызстандык мал-мүлкү тууралуу отчет берет

Эми ар бир кыргызстандык мал-мүлкү тууралуу отчет берет. Президент Сооронбай Жээнбеков “Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөгү” мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Документке  ылайык, мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик ишканалар, эл аралык уюмдарда иштеген жана башка   17 жаштан жогорку бардык жарандар бирдиктүү салык декларациясын тапшырат.

 

Учурда өлкөдө бул категорияга кирген калктын саны төрт миллионду түзөт. Салык тапшыруу үч этап менен аткарылат.