Ошто өрт өчүрүү-куткаруу бөлүмүнүн курулушу башталды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, иштер кореялык эксперттер менен
кызматташтыкта жүргүзүлүп жатат. Андан тышкары, Чолпон-Ата, Бишкек жана
Сузакта дагы үч станция куруу пландалууда. Объектилер жаңы жабдуулар менен камсыздалат.
Бул өз кезегинде куткаруучулардын ишинин сапатын жогорулатууга шарт түзөт.