Бишкекте 5 миң орундуу концерттик зал курулат.
Экономика министрлигинен билдиришкендей, жарыяланган
сынакты утуп алган долбоордо андан тышкары, спорттук комплекс,
соода борбору да бар. Курулуш ордо калаадагы 11-кичирайондун
аймагына туура келет. Иштерди жүргүзүүгө инвестициялар
тартылат. Долбоор мэрия тарабынан ишке ашырылат.