Кыргызстандык тасма эл аралык фестивалда сыйлыкка татыды

Кыргызстандык тасма эл аралык фестивалда сыйлыкка татыды.

“Кыргызфильм” киностудиясынан билдиришкендей, Байзак Маматалиевдин

«Кайыкта» тасмасы Даниядагы эл аралык кыска метраждуу тасмалар фестивалында

«Мыкты сценарий» боюнча жеңүүчү деп табылды. Тасманын сценарийи Темир Бирназаров жана

Байзак Маматалиевге таандык. Иш-чара Даниянын Оденсе шаарында өттү.

Фестиваль 1975-жылдан бери өткөрүлүп келет.