Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу жайды кайра калыбына келтирүүгө 30 миллион доллардан ашык каражат багытталат

Чолпон-Атадагы саркынды сууларды тазалоочу жайды кайра калыбына келтирүүгө 30 миллион

доллардан ашык каражат багытталат. Бул тууралуу өкмөт аппаратынын маалымат кызматынан билдиришти.

Андан белгилешкендей, оңдоо иштери бюджеттик каражаттан, ошондой эле донорлор бөлүп берген

суммадан жүргүзүлөт. Чолпон-Ата мэриясына кийинки жылдын апрель айына чейин долбоорду

ишке киргизүү үчүн каржы-экономикалык жана техникалык эсептөөлөрү жүргүзүү тапшырылды.

Кошумчаласак, бүгүнкү күндө шаар саркынды сууларды тазалоо системасы менен 40 пайызга камсыздалган.