Чүй облусунун Кайыды шаарчасында жаңы үй-бүлөлүк медициналык борбор курулат

Чүй облусунун Кайыды шаарчасында жаңы үй-бүлөлүк медициналык борбор курулат.

Калаа мэриясынан билдиришкендей, мекемеде 36 бөлмө болот. Долбоорду ишке ашыруунун

сметалык баасы дээрлик 18 миллион сомду түзөт. Каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүндү.

Курулуш иштерин быйыл күзгө чейин аяктоо пландалууда. Кошумчаласак, учурда медицина

кызматкерлери бейтаптарды мындан 51 жыл мурда салынган имаратта кабыл алышууда.