Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждин бир унаасы Ысык-Көл облусунда кырсыкка кабылып, УКМКнын бир офицери каза тапты

Президент Садыр Жапаровду коштоп бараткан кортеждин бир унаасы

Ысык-Көл облусунда кырсыкка кабылып, Улуттук коопсуздук комитетинин

9-кызматынын бир офицери каза болду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жапаровду коштоп бараткан автоунаа Ысык-Көл районунун Ананьево айылында

каршы тилкеге чыга калган жеңил машина менен сүзүшкөн. Алдын ала маалыматта айтылгандай,

каршыда келаткан машинанын айдоочусу мас болгон. Кырсыктан үч адам жабыркады.

Садыр Жапаровдун Ысык-Көл облусуна барары тууралуу маалымат эч жерде айтылган эмес.