Токмок шаарындагы оорукананын оңдоп-түзөө иштери аяктап калды

Токмок шаарындагы оорукананын оңдоп-түзөө иштери аяктап калды.

Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей,

медициналык мекеме 216 орунга ылайык. Иштер июль айында башталган.

Имараттын эски чатыры, электр жабдуулары алмаштырып,

ички жана тышкы жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Эшик, терезелери,

жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылды.

Мындан тышкары, ички жана сырткы суу түтүктөрү жасалып,

саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулду.