Кыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңылары курулат

Кыргызстанда авариялык абалдагы мектептердин ордуна жаңылары курулат.

Турак жай-жарандык курулуш департаментинин директору Адилет Абдыкадыровдун айтымында,

учурда былтыр Ош облусундагы күйүп кеткен 2 мектептин ордуна жаңылары салынууда.

Мындан кийин, мектепте эмес башка имараттарда билим алган окуучулардын маселеси чечилет.

Иштерге мамлекет тарабынан каражат бөлүнгөн. Биринчи кезекте окуу корпустары бүтөт.

Экинчи этап менен спортзал жана башка курулуштар ишке ашат.

Жумуштар жыл аягына чейин аяктап калат. Абдыкадыров белгилегендей,

өлкөдө 29 авариялык абалдагы билим берүү мекемеси бар