Ошто 5 мектептин курулушу жүрүп жатат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей,
объектилер Туран жана Амир Тимур кичирайондорунда жайгашат, ошондой эле Ломоносов,
Нариман мектептерине кошумча корпустар жана 222-кварталындагы билим берүү мекемеси.
Иштерге жалпысынан 350 миллион сомдон ашык каражат багытталат. Сумма республикалык
бюджеттен бөлүндү. Билим берүү мекемелери кийинки жылы толугу менен пайдаланууга берилип калат.