Бишкекте аба-ырайы 6-марттан тартып турукташат.
Синоптиктер билдиришкендей, бүгүн ордо калаада кар аралаш жаан жаап, суук болот,
абанын табы +1 градустан көтөрүлбөйт. Бирок эртең кайрадан күн чыгып, +12ге чейин жылыйт.
Ал эми жумада кайрадан суук болуп, кар аралаш жаан жаайт. Бирок температура күндүз жана
түнкүсүн дагы – белгисине чейин төмөндөбөйт. Ишембиден тартып жаз кайтып келет.