Кара-Кечеден көмүр ташыгандардан акча алып жүргөндөр кармалды

Кара-Кечеден көмүр ташыгандардан акча алып жүргөндөр кармалды.

УКМКдан билдиришкендей, «Кыргыз көмүр» ишканасынын филиалынын кызматкерлери көмүрдү

тоскоолдуксуз жүктөп кетүү үчүн ар бир айдоочудан 1 миң сомдон алып турушкан. Муну менен

эки жыл аралыгында мамлекетке келтирилген чыгымдын көлөмү 37 миллион сомдон ашты.

Ал эми Унаа жана жолдор министрлигинин алдындагы салмактык көзөмөлдөө түйүнүнүн

инспекторлору көмүрдү уруксат берилген көлөмдөн ашык жүктөп өтүү үчүн ар бир айдоочудан

500 сомдон алып турушкан. Тергөөнүн жыйынтыгында 4 кызматкер кармалып, убактылуу

кармоочу жайга киргизилди. Кылмышка тиешеси бар дагы башка кызматкерлерди аныктоо иштери жүрүүдө.