Алдыңкы күндөрү Кыргызстанда аба-ырайы кескин өзгөрөт.
Синоптиктердин маалыматында, Бишкекте бүгүн жана эртең күндүз
абанын табы +20 градуска жетет. Бирок нымдуулук сакталат. Асманды
ала булут каптап, мезгили менен жаан жаайт. Ал эми 8-апрелден тарта
борбордук аймакта суук болот. Күндүз температура +13 градустан
жогору болбой, нөшөрлөгөн жаан жаайт. Бейшембиде суук аба-ырайы
күтүлөт, күн бою тынбай кар жаайт. 10-апрелде түштүк аймактардан
тышкары, республика боюнча температура мамычалары 0дөн -5ке
чейин түшүп, бүчүрлөрдүн үстүңкү катмарында үшүк жүрөт.