Кыргызстанда февраль айынын аба-ырайы сюрприздерди тартуулабайт.
Кыргызгидрометтен билдиришкендей, кыштын акыркы айында өлкөнүн түштүгүндө абанын
табы нормадан жогору болот, ал эми түндүгүндө орточо эсептен көтөрүлбөйт.
Буга карабай түштүк облустарда жаан-чачын көп болушу ыктымал.
Негизинен көрсөткүч нормадан ашпайт.