Бишкекте автобус айдоочуларынан акча талап кылган чиновник кармалды

Бишкекте жүргүнчүлөрдү ташыган автотранспорт ишканасынын бөлүм башчысы пара талап кылып жаткан жеринен кармалды.

УКМК билдиргендей, ал кызматтык абалынан пайдаланып, линияда жүргүнчү ташыган автобустардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча чогултуу үчүн коррупциялык схеманы уюштурган.

Буга каршы чыккандарды каттамдан алып салуу же жумуштан кетирүү менен коркутуп келген.

Кармалган жаран учурда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.