Кыргызстанда узак убакыттан бери биринчи жолу доллар кымбаттай баштады

Кыргызстанда узак убакыттан бери биринчи жолу доллар кымбаттай баштады.

Кечээ америка валютасынын курсу жарым күндө 1 сомго көтөрүлгөн.

Бүгүн ордо калаанын акча алмаштыруучу жайлары доллардын сатып алуу курсун 84,5 сом деп белгилеп, 85,5 сомдон сатууда.

Номиналдуу курс Улуттук банк тарабынан 84 сом 42 тыйын деп белгиленген. Ал арада Кыргызстандыктар базардан доллар сатып алуу дээрлик мүмкүн болбой жатканын айтып келишет.

Ошол эле учурда Улуттук банк акча алмаштыруучу жайлардын жана коммерциялык банктардын ишине көзөмөл күчөтүлгөнүн буга чейин билдирген.