Жалал-Абаддын алыскы айылдарындагы төрт мектеп санарип билим булагына туташты

Жалал-Абаддын алыскы айылдарындагы төрт мектеп санарип билим булагына туташты.

Бул Билим берүү министрлиги жана коомдук фонддордун бири тарабынан ишке ашырылып жаткан “Санарип билим булагы” долбоорунун натыйжасында мүмкүн болду.

Анын алкагында окуучулар чет тилдерин үйрөнүп, ЖРТга даярдануу жана квалификациялуу мугалимдердин дистанциялык лекцияларын угуу үчүн маалыматтык технологияларды колдоно алышат.

Белгиленгендей, жакын арада долбоор дагы алты алыскы мектепте иштей баштайт.