Бишкекте “Балалык” эс алуу багынын курулушун жыйынтыктоо мөөнөтү жылдырылды

Бишкекте “Балалык” эс алуу багынын курулушун жыйынтыктоо мөөнөтү жылдырылды. Мэриянын маалыматына ылайык, учурда скверде бактар отургузулуп, кийинки жашылдандыруу иштерине жер даярдалып жатат.

 

Андан тышкары, инженердик тармактар өткөрүлүп, таман таштар, бордюрлар орнотулууда. Иштер ушул жылдын 31-декабрына чейин аяктамак, бирок пандемияга байланыштуу, графиктен кечигүү болуп калды. Андыктан, шаар тургундары паркта кийинки жылдын жазында гана сейилдей алат.