Бишкектин бир бөлүгү электр энергиясы жок калды.
«Бүгүн Бишкек» Telegram каналына калаа тургундары жарыялаган маалыматка караганда,
түндө жарык Көк-Жар жана Тунгуч кичи районунун айрым тилкелеринде жана
алардын жанында жайгашкан турак-жайларда өчүп калган. Аталган аймакта авария катталды.
Мындай ыңгайсыздыкты жоюу үчүн бригада тартылды. Иштер качан аяктап,
электр энергиясы кайра бериле баштайт азырынча белгисиз, — дешти «Түндүк электр» ишканасынан.