Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясын жандантты

Юстиция министрлиги “Тилектештик автобусу” акциясын жандантты. Адистерден турган мобилдик топтор калк жашаган түйүндөрдү кыдырып, тургундарга акысыз юридикалык жардам көрсөтөт.

 

Учурда “автобус” Чүй облусунда жүрсө, бүгүн Ош облусуна сапарга чыгат. Жарандар үй-бүлөлүк, эмгек, жер укуктары, социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жана башка маанилүү суроолор боюнча кеп-кеңеш алышат.