Бишкекте күндүзгү стационарларды ачууга зарылчылык жок

Бишкекте күндүзгү стационарларды ачууга зарылчылык жок. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева жарыялады. Анын айтымында, учурда эки шаардык оорукананы ачууга даярдыктар көрүлүүдө.

 

Ошондой эле, Октябрь районунда бөлүштүрүүчү борборду ачуу суроосу каралып жатат. Пландалгандай, ал жерге бардык бейтаптар жеткирилип, кийин башка ооруканаларга бөлүштүрүлөт.

 

Эгер андан кийин зарылчылык болсо, күндүзгү стационарлар мектептердин базасында ачылышы мүмкүн, — деди Сурабалдиева.