Оштун кире беришиндеги бардык санитардык-карантиндик посттор алынды. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, 8-августтан тарта шаар чек араларындагы 7 пост ишмердүүлүгүн токтотту.
Мындай чечим Ош шаардык Жарандык коргонуу штабынын жыйынында кабыл алынды. Эске салсак, Бишкектин кире беришиндеги бардык карантиндик-санитардык посттор дагы 8-августта алынды.