Бишкекте башкы балатынын оту 10-декабрда жанат

Бишкекте башкы балатынын оту 10-декабрда жанат. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин айтымында, жаңы жыл түнү Ала-Тоо аянтында салттуу концерт жана салют болбойт.

 

Бул каражатты үнөмдөө максатында кабыл алынган чара. Анын үстүнө эпидемиологиялык абал дагы эл чогултуп, концерттерди өткөрүүгө жол бербейт, — деди Балбак Түлөбаев. Белгилеп кетсек, 31-декабрдагы майрамдык иш-чарага адатта 4 миллион сом жумшалчу.